11:58
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу үчүн объекттер түрттүрүлө баштады

Унаа жана жолдор министрлиги Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу үчүн алынып салынган объекттердин ээлери, кандай компенсация алгандыгы тууралуу «24.kg» агенттигине айтып берди.

Учурда жолдорду ондоо иштерине 84 даана жол-куруу техникалары жана 277 жумушчу тартылган. 3 жарым миңден ашуун бак-дарактары кыйылды. Кыйылган ар бир дарактын ордуна 3төн жаңы көчөт отургузулат.

Маалым болгондой, суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулуп, электр линияларынын орду алмаштырылды.

Жолдорду куруу үчүн 284 объект алынышы керек. Алардын ичинде жеке ишкердик менен алектенгендер, туруктуу жашаган тургундар, ижарага алып иштеткендердин чарбалары бар. Аталган жайларда 1000ге жакын киши күн кечирүүдө.

Турак жайларды түрттүрүүдө үй ээлерине компенсациялар төлөнүп бүттү. Жалпы суммасы 33 миллион 211 миң 13 сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар