11:06
USD 69.84
EUR 79.25
RUB 1.06

Албек Ибраимов жолдордун курулушуна көз салып, кыдырып чыкты

Бишкектин мэри Албек Ибраимов жолдордун курулушуна көз салып, кыдырып чыкты.

Алгач Чүй проспектисинин Жаш Гвардия Бульвары менен Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгүн текшерди. Аталган жолго 2 катар асфальт төшөлүп, тосмолор алмаштырылган.

Калык Акиев көчөсүнө дагы 2 катар асфальт төшөлүп, жөө кишилер өтүүчү кичине жол менен сугат түйүндөрү оңдолуп жатат. Ал эми Боталиев менен Садыгалиев көчөлөрү оңдоо иштеринен кийин пайдаланууга берилгени турат.

«Кийинки жумада Щербаков көчөсү ачылат. Ал жерде жумуштар дээрлик бүтүп калды. Учурда жарыктандыруу иштери жүрүп жатат», —деди мэр.

Эң көп окулган жаңылыктар