03:38
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстандын мектептеринде 125 дене тарбия мугалими жетишсиз

Кыргызстандын мектептеринде 125 дене тарбия мугалими жетишсиз. Бул тууралуу КСДП фракциясынын отурумунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

«Мектептерде дене тарбия мугалимдери жетишпейт. Учурда 125 орун бош турат», — деди вице-премьер-министр.

Ошондой эле, ал мектептердин спорттук залдар менен камсыз болушу тууралуу билдирүү жасады.

«Кыргызстанда болгону 2 миң 236 мектеп бар. Анын 2 миң 19у мамлекеттик болуп саналат. Алардын ичинен 900 мектеп спорттук зал менен камсыз болгон, ал эми 1 миң 119 мектептин залы жок», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар