21:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Улуттук оорукананын манжалар хирургиясы бөлүмүнө 75 бала келип түшкөн

Ушул жылдын январь айынан майга чейин Улуттук оорукананын пластикалык калыбына келтирүү микрохирургиясы жана беш манжа хирургиясы бөлүмүнө 75 бала келип түшкөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги аталган бөлүмдүн жетекчиси Керимбек Бээрмановго шилтеме берип билдирди.

Керимбек Бээрмановдун айтымында, ооруканага кайрылган балдардын 54ү шашылыш түрдө, калганы пландуу түрдө келип түшкөн. Алардын 43ү эркек балдар.

«Мында келгендерге колдун манжаларынын тырмак шыйбылчактарын толук эмес же толугу менен кесип салуу, кесилген колдун жаралары, билектеги муундардын бүгүлткүч тарамыштары жана нервдин жабыркашы сыяктуу диагноздор коюлат. Балдардын 50 пайызы үйлөрүнөн, мектеп, бала бакчалардан колдорун эшикке кыпчытып алып же башка себептерден улам шашылыш түрдө келип түшөт. Мындан улам, ата-энелер балдарына жакшы көңүл буруулары керек», — деди Керимбек Бээрманов.

Эң көп окулган жаңылыктар