10:26
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Премьер-министр Дүйшөмбү шаарында КМШнын Өкмөт башчылары менен кезигет

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 31-майдан 1-июнга чейин өтүүчү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Дүйшөмбү шаарына келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

Маалым болгондой, Дүйшөмбү шаарынын аэропортунда Өкмөт башчыны Тажикстандын Премьер-министринин биринчи орун басары Саид Давлатали тосуп алды.

Белгилесек, КМШ ӨБК кеңешмеси 1-июнда өтөт, анда Премьер-министрлер КМШ алкагындагы экономикалык жана гуманитардык өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу аспектилерин жана кызматташуунун башка багыттарын талкууламакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума