Бишкектин Чыгыш-6 кичи районундагы Сүйүнбаев жана Герцен көчөлөрүндөгү 30 гараж алынып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сугат системасын оңдоо, калыбына келтирүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында гараждарды алуу иштери аткарылды.
Металлдан жасалган гараждардын кожоюндарына алып салуу тууралуу эскертүү буга чейин берилип келген.