03:54
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Февраль-май айларында Коопсуздук кеңешинин секретариатына 500дөн ашык арыз түштү

Февралдан май айына чейин Коопсуздук кеңешинин секретариатынын дарегине 500дөн ашык арыз түштү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.   

Анын айтымында, келген каттардын 400ү президент менен секретариаттын көзөмөлүндө. 

«Келген арыздардын баарын Башкы прокуратурага, УКМКга жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына жөнөттүк. Президенттин талаптарды күчөтүү тапшырмасын эсепке алуу менен доо-арыздар тыкыр каралып жатат. Мындан улам, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдары тарабынан мыйзам бузуу фактыларынын бети ачылууда. Натыйжада тергөөчүлөр кылмыш жоопкерчилигине тартылышып, прокурорлор ээлеген кызматтарынан бошотулууда», дейт Дамир Сагынбаев.