01:44
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди

Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.

Бул Жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:

  • Президент, Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
  • Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары;
  • Коопсуздук кеңешинин катчысы;
  • Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:

  • Жогорку Кеңештин төрагасы;
  • министрлер кабинетинин төрагасы;
  • президенттин администрация башчысы;
  • мамлекеттик катчы;
  • башкы прокурор;
  • коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  • тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  • өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  • ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  • улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.
Эң көп окулган жаңылыктар