09:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Анда Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү каралат.

«Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралында кабыл алынган «Кыргызстандын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча олуттуу чаралар жөнүндө», 2018-жылдын 14-декабрындагы «Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө», 2019-жылдын 30-январындагы «Кыргызстандын кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимдеринин аткарылышы каралат. Мындан тышкары, стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштар каралат. Талкуунун жыйынтыктары боюнча Коопсуздук кеңешинин чечими кабыл алынат», — деп айтылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар