12:45
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

2017-жылы Кыргызстанда 276 киши сот тарабынан акталып чыккан

2017-жылы Кыргызстанда 276 киши сот тарабынан акталып чыккан. Бул тууралуу конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК регламенти боюнча парламенттик комитеттин отурумунда депутат Бакыт Төрөбаев айтты.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун пикиринде, мындай сандар -өлкөдөгү демократиянын көрсөткүчү.

«Коңшу мамлекеттерде сот жылына болгону 2 кишини гана актап чыгарат. Эгерде туура эмес кылмыш иши козголсо же тергөө жүргүзүлсө, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата чара көрүлүшү керек», -деди башкы прокурор.

Эң көп окулган жаңылыктар