05:25
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Президент УКМКга жемкорлук боюнча иштерди аягына чыгарууну тапшырды

Жемкорлук айыбы менен тергелип жаткан иштерди аягына чыгаруу зарыл. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов менен жолугушуу учурунда билдирди.

Президент УКМК өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыздаган маанилүү органдарынын бири катары ички жана тышкы коркунучтар, эл аралык терроризм жана экстремизм менен натыйжалуу күрөш жүргүзүшү керек экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жолугушууда коррупция, мамлекеттик же муниципалдык менчикти уурдоого байланыштуу кызматтык кылмыштардын фактыларын аныктоо, коррупциялык багыттагы бардык резонанс жараткан кылмыш иштерин аягына чыгаруу зарылдыгын белгиледи.

«Күнөөлүү адамдарга карата катуу чараларды көрүш керек, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толуктоону камсыз кылуу керек», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар