21:04
USD 69.84
EUR 79.25
RUB 1.06

Ысык-Көл облусунда май айында жааган кар 17,7 миллион сом чыгаша алып келди

ӨКМ Ысык-Көл облусунда май айында жааган кардын чыгымын эсептешти. Алдын ала алынган маалыматка караганда, кеткен чыгым 17,7 миллион сомду түздү.

Маалыматка караганда, жаратылыш кырсыгынан Ак-Суу, Тоң, Ысык-Көл жана Түп райондору жабыркады.

Акыркы маалыматтарга таянсак, облус боюнча жааган кардан 36 жылкы, 4 кулун, 45 уй, 4 музоо, 2 миң 446 кой кырылды.

Эске салсак, 23-24-май күндөрү кар жаап, айрым райондордо кардын калыңдыгы 50 сантиметрге жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар