06:47
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өзбекстанда Мирзиёевди Нобель сыйлыгына көрсөтүү сунушталууда

Өзбекстанда Мирзиёевди Нобель сыйлыгына көрсөтүү керек. Мындай сунушту Наманган облустук кеңешинин депутаты, учурда Өзбекстандын Улуттук телерадиокомпаниясында иштеген Олимжон Тухтаназаров айтып чыкты.

«Эл тарабынан берилген ыйгарым укуктарыман пайдаланып, Нобель сыйлыгынын негиздөөчүлөрүнөн Өзбекстан президентине бул сыйлыкты ыйгарууну өтүнөм», -деди депутат Олимжон Тухтаназаров.

Маалым болгондой, Нобелдин тынчтык сыйлыгы жыл сайын физика, химия, физиология же медицина, адабият, ошондой эле тынчтыкты бекемдөө ишмердүүлүгү үчүн ыйгарылып келет. Депутат Олимжон Тухтаназаровдун айтымында, президент Мирзиёев бул сыйлыкты жогорудагы бардык номинациялар боюнча алууга татыктуу.

«Ал бул сыйлыкка «адабият» номинациясында татыктуу. Анткени президент адабияттын өнүгүшүнө жакшы көңүл бурууда. Ал «тынчтыкты бекемдөө ишмердүүлүгү үчүн» номинациясы боюнча дагы сыйланса болот, азыр Өзбекстанда тынчтык өкүм сүрүүдө. Президент ошондой эле бул сыйлыкты илим тармагы боюнча да оңой эле ала алат. Ал ата мекендик журналистикага көңүл буруп, атайын университет дагы ачты. Жакында швециялыктар өзүлөрү келип, биздин Журтбашыбызга Нобелдин тынчтык сыйлыгын тапшырат деп ойлоп жатам», — деди Тухтаназаров.

Эң көп окулган жаңылыктар