07:25
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Мамлекеттик сатып алуу порталында өткөн жылы 61 миллиард сомго сынак өткөрүлгөн

Мамлекеттик сатып алуу порталында өткөн жылы 61,8 миллиард сомго сынак өткөрүлгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, мамлекеттик ишканалар, мекемелер сатып алган товар жана кызматтын көөлөмү 2017-жылга жалпы ички дүң продукциясынын (493 млрд сом) болжол менен 15 пайызын түздү.

Жыл ичинде 105 миң 770 жарыя берилди.

«Сатып алуучу уюмдар мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн каражаттарды отчёттук жылдын аягына чейин өздөштүрүп калууга умтулушканынан улам эң көп жарыя жыл этегинде жарыяланары айгине. Бирок жарыяланган жарыялардын эң чоң суммасы июнь жана июль айларында байкалды» — дейт финансы министрлиги.

Эң көп окулган жаңылыктар