18:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандын ветеринардык кызматтарынын ишинде одоно мыйзам бузуулар аныкталды

Кыргызстандын жеке ветеринардык дарыканаларында акысыз вакциналарды сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы ветеринария тармагына вакцина, дары-дармектерди сатып алууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына Нарын, Чүй жана Талас облустарынын айрым райондорунун ветеринардык бөлүмдөрүндө аудит жүргүздү.

«Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аудиторлор бир катар мыйзам бузууларды, анын ичинде жеке ветеринардык дарыканаларда, ошондой эле Москва, Кочкор жана Бакай-Ата райондорундагы жеке ветеринардык адистердин өздөрү тарабынан үй жаныбарлары үчүн вакциналарды сатуу фактыларын аныкташкан», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, эмдөө жергиликтүү ветеринардык бөлүмдөр менен келишимдик негизде иштеген жеке ветеринардык адистер аркылуу бекер жүргүзүлөт.

Ветеринардык кызматка республикалык бюджеттен 45,6 миллион сомго 10,8 миң миллион доза сибирь жарасына, кой чечегине, тери жугуштуу ооруларына каршы вакцина сатылып алынган.

Текшерүү материалдары укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар