11:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Долбоорлорду каржылоо үчүн Кореядан инвестиция тартуу талкууланууда

Корея Республикасынын Сеул шаарында финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев менен Кореянын Эксим Банкынын улук аткаруучу директору (коллегия мүчөсү) Хванг Киёндун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда инфраструктура, өнөр жай, транспорт жана энергетиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.

«Эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн тараптар туруктуу экономиканы түзүү стратегиясын ишке ашырууда жаңы инструменттерди жана каржылоо механизмдерин киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты. Белгилей кетсек, Корей Республикасынын Эксим Банкы менен өлкөнүн ар кайсы тармактарында кызматташууну кеңейтүү өлкөнүн экономикасынын стратегиялык жана маанилүү тармактарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», — деп белгиледи мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар