23:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Финансы министрлиги «Кыргыз почтасынын» акциясын сатып алды

Финансы министрлиги «Кыргыз почтасынын» 18,2803 пайыз акциясын сатып алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Санариптик өнүктүрүү министрлиги Финансы министрлиги менен кредиттик келишимди жабууга, ошондой эле «Кыргыз почтасынын» имараттарын оңдоого мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүүнү сунуштаган.

Бүгүнкү күндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз почтасынын» мамлекетке болгон карызы 309 миллион сомго жакын. Ал 2014-жылы Финансы министрлиги менен «Кыргыз почтасы» ортосундагы кредиттик келишимдин негизинде пайда болгон.

«Калк кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес жол менен төлөгөндүктөн, почта бөлүмдөрү аркылуу накталай төлөмдөрдү жүргүзгөн колдонуучулардын саны кыскарып, бул тенденция өсүүдө. Бул кызмат көрсөтүүлөргө гана эмес, ошондой эле почта бөлүмдөрү аркылуу пенсия жана пособиелерди берүүгө да тиешелүү. Бул «Кыргыз почтасынын» кирешесин төмөндөткөн негизги себептер. Ал финансылык абалга таасирин тийгизип, Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн кредитти кайтарып берүүнүн мүмкүн эместигин аныктоочу фактор болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Кыргыз почтасында» 395,7 миллион сомго кошумча капиталдаштыруу жүргүзүп, акцияларды Финансы министрлигине сатууну сунуштаган. Финансы министрлиги мекеменин акцияларын сатып алган. Карыз ушинтип төлөнүп, 85 миллион сом калган. Бул каражаттын бир бөлүгү «Кыргыз почтасынын» имараттарын оңдоого, кызмат көрсөтүүлөрдө зарыл болгон шарттарды түзүүгө жумшалат.

Эң көп окулган жаңылыктар