23:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Баштапкы медициналык-санитардык жардам тармагына 11,45 миллион доллар сарпталат

Министрлер кабинети «Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын кошумча каржылоо» долбоору боюнча гранттык келишимдерди жактырды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Долбоор Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан каржыланат. Жалпы суммасы 11,45 миллион доллар.

«Долбоордун максаты — Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу аркылуу саламаттык сактоо системасынын негизги элементтерин түзүү жана бекемдөө аркылуу кошумча каржылоо. Бул долбоор ошондой эле баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарынын диагностикалык жана дарылоо потенциалын чыңдоого жана ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында төлөмдөргө байланыштуу көрсөткүчтөрдү сактоого байланышкан чыгымдарды каржылоого жардам берет», — деп белгиледи мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар