06:10
USD 68.90
EUR 80.95
RUB 1.04

Башкы прокуратура Тарых музейин оңдоо тууралуу сунуштардын баарын текшерет

Башкы прокуратура Улуттук тарых музейин оңдоо жана калыбына келтирүү тууралуу сунуштардын баарын текшерет. Бул тууралуу «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын көчмө жыйынында, башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев айтты.

Эске салсак, бүгүн аталган фракция Тарых музейинин ремонтуна кеткен чыгымдар тууралуу маселени караш үчүн жыйын уюштурушту. Элдик депутаттар иштин жүрүшүндө мыйзам бузуулар болгондугун айтышууда.

Мындан сырткары, Түркия бере турган гранттык жардамдан Кыргызстандын баш тарткандыгы парламент депутаттарынын нааразычылыгын туудурду. Ал гранттын эсебинен музейдин ички жана сырткы бөлүктөрү оңдоодон өтмөк.

Эскерте кетсек, Тарых музейин кайра калыбына келтирүү иштерине бюджеттен 1 миллиард 447 сом жана Түркиядан грант катары келген 15 миллион доллар каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар