10:36
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

5 жыл аралыгында Орусияда эмгектенген Кыргызстандыктардын саны 5 эсеге өскөн

Акыркы 5 жыл аралыгында Орусияда эмгектенген Кыргызстандыктардын саны 5 эсеге өскөн. Мындай билдирүүну «360» телеканалы Орусиянын Ички иштер министрлигине шилтеме берип таратты.

Орусияда былтыр эмгектенген Кыргызстандыктардын саны 376 миңден ашкан. 2012-жылы бул көрсөткүч 79 миңди түзгөн. Бул Армениянын жарандарынан эки эсе ашык.

Армениянын Орусияда иштеген жарандарынын саны 2017-жылы 232 миңге жеткен. Кыргызстан менен Армения экөө тең Евразия экономикалык бирикмесинин курамына кирет. Эки өлкөнүн жарандары Орусияда мыйзамдуу түрдө ишке орношуусу үчүн, патент алуунун кереги жок.

Эске салсак, Кыргызстан расмий түрдө 2015-жылы августта Евразия экономикалык бирикмесине кирген.

Эң көп окулган жаңылыктар