06:06
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

№ 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда электрондук жазуу кызматы ишке киргизилди

Бишкектеги № 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда дарыгерлерге кезекке туруш үчүн, электрондук жазуу кызматы иштеп баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, «дарыгерлердин кабылдамасына электрондук түрдө жазылуу» долбоорунун алкагында services.med.kg бейтаптардын порталы ишке кирди.

Министрликтен маалымдашкандай, системаны ишке киргизүү дарыгерлердин кабылдамасына кирүү үчүн кезекке тургандардын санын азайтат. Муну менен бирге медициналык жардам берүүнүн сапаты жакшырат.

Эң көп окулган жаңылыктар