02:26
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканадан бейтап качып кетти

Чүй облусуна караштуу Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканадан 20 жаштагы бейтап качып кетти. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Бейтап 26-июлда саат 22:00 чамасында аталган ооруканадан качып кеткен. 

Изделип жаткан жаран 2018-жылы Сокулук райондук сотунун чечими менен Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканага милдеттүү дарылануу үчүн жиберилген. Аны көрүп-билгендер болсо, төмөндөгү телефон номерлерге чалып, Кемин РИИБине кабарлап койсо болот.

Байланыш телефондору: 0 312 60 75 67, 0 702 54 32 27, 0 500 05 88 06 же 102.

Эң көп окулган жаңылыктар