13:02
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ыктыярчылардын колунда дем жетпей каза болду деген бейтап өлгөн эмес-ал тирүү

Ыктыярчынын колунда дем жетпей каза болду деген бейтап тирүү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бейтап тирүү. Кечээ Жоломан Карымшаков (ыктыярчылар жардам берген адам) анын өмүрүн сактап калгандарга ыраазычылык билдирди.

«Адамдын өлүмү жөнүндө жаңылык жарыялангандан кийин, милиция кызматкерлери бейтапка кайсы ооруканадан жардам көрсөтүлбөгөндүгүн текшерип башташкан», — деп берилет маалыматта.

Такталгандай, 16-июлда саат 22:50дө Ак-Өргө конушундагы көчөлөрүнүн биринде бир адам эсин жоготуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыктыячылар ал жерге барганда бейтаптын дем алуусу оорлошуп отурган, аны дароо түнкү стационарлардын бирине алып барышкан.

«Стационардагы дарыгерлер бош орун жок экенин айтышкан, бирок өтүнүчтөрдөн улам алар бейтапты убактылуу кычкылтек концентраторуна туташтырышкан.

«10 мүнөттөн соң дарыгерлердин бири бейтаптын жүрөгү токтоп каза болгонун айткан. Ыктыярчылар кеткен соң бейтап эсине келген», — деп билдирди ИИМдин пресс-кызматы.

Бейтап клиникалык өлүм абалында болгондугу белгилүү болду. 

ИИМдин пресс-кызматы

Жоломан Карымшаков ооруканада ойгонгонун жана ал өзүн жакшы сезе баштаганда үйүнө кеткенин айтат. Иш боюнча тергөө иши токтотулду.

Буга чейин ыктыярчы София-Айдана Мурзаева, Ак-Өргө кошунунун жашоочусун ооруканалардагы бош орун жоктугунан улам өмүрүн сактай албагандыгын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар