17:16
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 294 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (16.09.19-ж.) 294 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 216сы жаш балдар.

«Кайрылгандардын 96сы ооруканага жаткырылган, алардын 86сы жаш балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 111 адам кайрылса, 47си ооруканага жаткырылып, 64 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 27 адам кайрылган, алардын 10у ооруканага жаткырылды», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби