06:28
USD 84.48
EUR 102.48
RUB 1.15

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 274 бейтап кайрылган

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (03.09.19-ж.) 274 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрылгандардын ичинен 180ни жаш балдар.

«Кайрылгандардын 101и ооруканага жаткырылган, алардын 81и жаш балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 108 адам кайрылса, 64ү ооруканага жаткырылып, 44 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 20 адам кайрылган», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар