14:09
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков Кытайга канча жолу учуп барганын айтты

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков Кытайга канча жолу учуп барганын айтты. Ал документтерди карап чыгып, акыркы 6 жыл ичинде Кытайга болгону 4 жолу учуп барганын билдирди. 4 жолу тең жумушчу сапары менен барган.
"Мен Кытайга расмий делегациянын курамы менен гана баргам. Ал эми Бишкек ЖЭБди модернизациялоо маселеси боюнча ал өлкөгө бир дагы жолу барган эмесмин. Депутаттар кимдир бирөөлөрдөн туура эмес маалымат алып алышкан сыяктуу, элге дагы туура эмес маалымат берип, баштарын айландырышууда«,-деп айтты Сапар Исаков.
Эске салсак, КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова, Жогорку Кеңештин отурумунда «5 жыл аралыгында Сапар Исаков Кытайга 46 жолу учуп барган» ,- деп билдирди.
 
Эң көп окулган жаңылыктар