04:41
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Уят! Аткаминерлердин ардагерлерге берген белеги

Уят! Аткаминерлердин ардагерлерге берген белеги тууралуу видео интернет булактарына жарыяланды. Аны Светлана Байтикова өзүнүн Facebook баракчасына жайгаштырган.

Анын айтымында, белектер 15-майдан кийин Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерине берилген. Атайын баштыктарга чай,1 кг кесме, күрүч жана ар кошкон таттуулар салынган.

«Айрыкча таттуулары көңүл бурдурат. Кайсы столдон жыйнап алышкан? Сынган жана тиштелген жарты печенье, вафлилер. Момпосуйлардын мөөнөтү өтүп кеткени же кетпегени белгисиз. Бул эмне деген мазактоо? Андан көрө бербей коюшса болмок. Мен атама көргөзгөндөн уялдым», -деп жазган Светлана Байтикова.

Видеонун автору шаарда 500гө жакын гана согуш жана ооруктун ардагерлери калганын айтат. Маалым болгондой аталган белектерди катардагы жарандар эмес, баш калаадагы акимиаттардын бири тараткан. Ал эми аларга атайын акча каралат.

Эң көп окулган жаңылыктар