13:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президент Текебаевге ырайым кылуудан баш тартса деле, ал ишти кайра каратат

Президент Сооронбай Жээнбеков экс-депутат Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуудан баш тартса деле, саясатчы ишти кайра каралат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине юридика илимдеринин доктору Канатбек Азиз билдирди.

Анын айтымында, ырайым берүү дагы ишти кайра каратуу боюнча Өмүрбек Текебаевдин чечимин өзгөртпөйт. Ал коррупция боюнча жаңы ачылган жагдайларга таасирин тийгизбейт.

Президентке карашуу ырайым берүү маселеси боюнча комиссия акыйкатчынын өтүнүчүнө дагы деле жооп кайтара элек.

Кубат Оторбаев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдон Кыргызстандын баш мыйзамынын 25 жылдыгына жана Адам укуктары боюнча декларациянын 70 жылдыгына карата Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн.

Эскерте кетсек, «Ата Мекен» партиясынын лидери «Жемкөрлук» беренеси менен 2017-жылдын 16-августтунда сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Эң көп окулган жаңылыктар