Сокулукта турак үй өрттөнүп, эки киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Сааз айылынын Түк-Баш көчөсүндө жайгашкан жеке турак үйдөн өрт чыгып, ал толук өрттөнүп кеткен.
Тилсиз жоонун кесепетинен эки киши каза болгон. Анын бири 1972-жылы туулган М. Т. экени аныкталган. Экинчисинин өздүгү такталууда. Андан тышкары 1971-жылы туулган С. И. аттуу киши жабыркаган. Учурда өрттүн келип чыгуу септери такталууда.