00:32
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Кызарт ашуусунан жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус ала салып кетти

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15- майда болжол менен саат 23:00 чамасында, Кызарт ашуусунан «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус бир нече жолу ала салып, ойду көздөй кулап түшкөн. Унаада 17 киши келе жаткан. Жол кырсыгынын кесепетинен 17 киши жабыркаган, алардын бири өспүрүм.

Жабыр тарткандар Жумгал райондук ооруканасына жана Бишкектеги ооруканаларга жаткырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби