08:12
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

ЖК 2013-жылы ЖЭБди оңдоо боюнча макулдашууну кандай колдоду эле? Видео

Депутат Дастан Бекешев 2013-жылы Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш карап жаткан видеону жарыяларды.

Долбоор боюнча ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев баяндама жасаган.

2013-жылдын 2-декабрында мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин колу коюлган өкмөттүн № 649- токтомунун негизинде Кытайдын Эксимбанкы менен насыялык макулдашуу ратификацияланган.

Жогорку Кеңеш долбоордун маанилүүлүгүн эске алуу менен 2013-жылдын 11-декабрында аны колдогон. Мамлекет башчы 23-декабрда кол коюп, кийинки күнү «Эркин Тоо» гезитине жарыяланган. Ал эми күчүнө 2014-жылдын 3- январында кирген.

Эң көп окулган жаңылыктар