Быйыл үч бала бакча мамлекеттин карамагына өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэри Албек Ибраимов билдирди.
Анын айтымында, бала бакчаларды мамлекеттин эсебине кайтаруу программасы 2010-жылы башталган.
«Өткөн жылы биз төрт бала бакчаны кайтарып алдык. Алардын үчөө каттоого алынып, колдонууга берилди. Быйыл дагы үч бала бакчаны кайтарып алуу алдында турабыз», — деди ал.
Албек Ибраимовдун айтымында, учурда мамлекеттик бала бакчаларды кайтарып алуу боюнча соттук териштирүүлөр уланып жатат.