08:17
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

ЖЭБтеги кырсык. Депутаттар эл аралык келишимдерди дыкат кароого чакырат

Депутат Рыскелди Момбеков эл аралык келишимдерди ратификациялоодо этият болууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү Кыргызстан менен Эл аралык өнүгүү агентиги ортосундагы келишимдин техникалык жана маалыматтык түшүндүрмөсү жоктугун белгиледи.

«Эл аралык келишимдерге талапты катуу коюлу. Болбосо ТВЕАдай болуп, жоопту кишилердин катарына кирип жатабыз. Мына азыр ЖЭБтеги кырсык боюнча кылмыш ишинин алкагында парламенттин комитет башчысынын дагы жоопкерчилиги каралсын деп жатышпайбы. Эртең ана УКМКда суракта жүрбөйлү. Маалыматтык технология жана байланыш агенттиги бул келишим менен алына турган акча каякка сарпталарын так айтпай жатат. Анан кычкачты 600 долларга сатып алгандай болуп жүрбөсүн» — деди Рыскелди Момбеков. Аны кесиптештери колдоп Маалыматтык технология жана байланыш агентттиги сунуштаган долбоорду кайра иштеп келүүгө жөнөттү.

Digital CASA долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банк Кыргызстан 50 миллион доллар бөлөт. Анын жарымы грант, жарымы насыя түрүндө алынат. Насыя мөөнөтү 30 жылга белгиленет.

Эң көп окулган жаңылыктар