21:50
USD 69.83
EUR 79.74
RUB 1.06

Ошто адвокатты сабап кетишти

Ош облустук сотунда Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын полковниги Таир Уларовдун өлүмү боюнча соттук отурумдан кийин жабырлануучу тарап айыпталуучулардын жактоочусу Рамазан Кожомкуловго кол салды.

Маалыматка ылайык, ага бир нече аял жана эркектер жабылып, кол баштыктары менен ургулашкан. Аларды милициялар ажыратып калган. Адвокат соттон бир нече жолу коопсуздугун камсыз кылып берүүнү суранганын айтат. Учурда түз коркутуулар болуп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, мартта Ош облустук соту Таир Уларовдун өлүмү боюнча

Дамир Шабыралиевди жана Мурат Раджаповду күнөөлү деп таап, биринчиси 23 жылга, экинчиси 7 жылга эркинен ажыраткан.

Эң көп окулган жаңылыктар