17:08
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Россияда дагы бир 14 жашар кыз көз жарып, баласын муздаткычка салып салган

Санкт-Петербургдагы жатаканалардын биринен 14 жашар кыз көз жарып баласын муздаткычка салып салган. Бул тууралуу Орусиянын маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

«Тургундардын бири таң эрте коридордон баланын ыйлаганын уккан. Үн ашканадагы иштөөгө жараксыз муздаткычтан чыгып жатканы байкалган. Ымыркай аман-эсен № 1-балдар ооруканасына жеткирилген», — деп жазылат маалыматта.

Полиция ымыркайдын энесин ооруканадан тапкан. Ал 14 жаштагы Айзирек аттуу Кыргызстан жараны болгон. Кыз кош бойлуу кезинде дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөн эмес. Көз жаргандан кийин баладан кутулуунун жолун издеген. Дарыгерлер бейтап үй шартында төрөгөнүн аныкташкан. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар