13:30
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Эртең 7 миңден ашык милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлгө алат

Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 73-жылдыгын майрамдоо иш-чарасында 7 миңден ашык милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлгө алат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-май күнү республиканын облустук, райондук борборлорунда, айыл башкармалыктарында майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп, милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Ички иштер органдары коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо кемчиликтер кетпеши үчүн ыкчам алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Бишкек боюнча шаардык гарнизондун өздүк курамынан 3 миңден ашык кызматкер тартылат, «Ала-Тоо» жана «Жеңиш» аянттарында салтанаттуу иш-чараларда жана «Өлбөс полктун» жөө жүрүш багыты боюнча 2 миңден ашык милиция кызмат өтөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар