15 жашар кыргызстандык кыз Москвада көз жарды. Бул тууралуу «Москва» агенттиги укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыккан.
Маалыматка ылайык, кыз жашаган үйүндө төрөп, андан соң ооруканага жеткирилген. Жаран ай-күнүнө жетип көз жарган, бирок бала ичтен өлүү төрөлгөн.
Учурда аял ооруканада, ал эми ымыркайдын денеси өлүмүн аныктоо үчүн экспертизага жөнөтүлдү.