Түркияда Анталья шаарында сабалган Малика Нотиева Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК маалымдайт.
Малика Нотиева 2016-жылы катуу сабалып, «Акдеңиз» ооруканасында комада жатты. Кийинчерек анын Кыргызстандын жараны экендиги ырасталып, Анталья мекендештер жардам беришти.
Эки жыл аралыгында Малика Нотиеванын башына үч жолу операция жасалып, мээ сөөгүнүн айрым бөлүктөрү пластикке алмаштырылды.
Түркияга иштегени барган кыздын сабалышы боюнча иш козголуп, бир шектүү учурда абакта. Маликанын жактоочулары ага зомбулук жана зордуктоо үчүн 20 жыл сурашууда.