11:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Орусия Кыргызстандан барган пияз менен капустаны кайра артка жөнөттү

Новосибирск, Красноярск, Абакан жана Карасука аймагындагы базарларга сатууга барган 125, 98 тонна пияз жана 20,5 тонна капуста Орусиянын чек арасында кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Новосибирск областык айыл-чарба көзөмөл башкармалыгы билдирет.

Маалыматта айыл-чарба товарларынын маркировкасы жоктугу айтылат.

Андан сырткары, Казакстандан барган мөмө-жемиш дагы кармалды. Товарлар артка жөнөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар