18:15
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте окутуучу «Фейсбуктагы» пикири үчүн соттолууда

«Фейсбуктагы» пикирине байланыштуу кылмыш иши козголгон Темир Болотбек аттуу окутуучу жети жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Улуттук коопсуздук кызматы анын билдирүүсү улут аралык кастыкты козуткан деп эсептөөдө.

Окутуучу алгач суракка чакырылып, кийин ага айып тагылган. «Өзүмдү өзүм бир аз тыйып калдым. Буга чейин эмоционалдык билдирүүлөрдү жасап келсем, азыр өзүмдү чектөөгө туура келүүдө», — деген Болотбек ага кылмыш иши козголгондон кийин.

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбек «Фейсбуктагы» совет доорунда салынган Бишкектеги имараттар боюнча талаш-талкууда «совок» деген сөздөрдү колдонуп, «Советтер Союзун эңсегендер «Рашага» кеткиле» деген пикирлери үчүн соттолууда.

«Улут аралык кастыкты козуткам деп эсептебейм. Анткени ал жерде башка улутка, расага, динге шек келтирген сөздөр жок. Бирок бул айыптоо боюнча камалып кетишим толук мүмкүн», — деди окутуучу.

Ушул эле беренеде мурда кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бирок киргизилген өзгөртүүлөр алынып, эми колдонуучулар «Фейсбукта» лайк баскандыгы үчүн дагы түрмөгө камалышы мүмкүн. Алсак, былтыр «Фейсбуктагы» билдирүүсү үчүн Ысык-Көл облусунда жашаган фермер 4 жылга соттолгон.

Окутуучуга каршы козголгон кылмыш иши боюнча кийинки сот отуруму 8-майга белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума