19:52
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстандык студенттер Түркияда улуттук маданиятты даңазалады

Түркиянын Самсун шаарында XI аралык студенттер фестивалды болуп өттү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди. 

Иш-чаранын катышуучусу Айтолкун Валерийдин айтымында, фестивалдын алкагында Кыргызстандык студенттер келген конокторду кыргыздын улуттук маданияты менен тааныштырды.

«Өткөн жылдан айырмаланып быйыл III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине басым жасалды. Ошондой эле коноктор кыргыздын улуттук тамактарынан ооз тийишти. Иш-чара кыргыз ырлары жана күүлөрү менен коштолду», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Түркиянын Самсун шаарында 50 ашык Кыргызстандан барган студенттер билим алат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума