11:19
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

27 жыл аралыгында 500 миңден ашык кыргызстандык Орусия жарандыгын алган

Кыргызстан эгемендикти алган жылдан тартып 570 миң кыргызстандык Орусия жарандыгын алган. Бул тууралуу бүгүн, маалымат жыйыны учурунда Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Алмазбек Асанбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы 8,7 миң кыргызстандык Орусия жарандыгын алса, ага чейинки жылдары 15-20 миңден киши аталган мамлекеттин жарандыгын алып келген.

«Кыргызстан Еваразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин жарандык алууга умтулгандардын саны азайды», — деди Алмазбек Асанбаев.

2017- жылы Кыргызстандан Орусияга кеткендердин саны 738,3 миң адамды түзсө, алардын 642 миңи миграциялык каттоого алынган.

«2018-жылдын 1-мартына карата Орусияда 632,3 миң Кыргызстандын жараны бар. Алардын 241и каттоого алынган. Кыргызстан Еваразиялык экономикалык биримдикке киргенден бери Орусиянын аймагында 30 күндөн ашык жүргөндөр миграциялык каттоого алына баштады. Көпчүлүк 30 күнгө жетпей эле чыгып кетет. 2017-жылы Орусия 7,7 миң Кыргызстан жаранына убактылуу жашоого уруксат берген», — деп кошумчалады Алмазбек Асанбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар