Аламүдүн районунда жайгашкан «Бишкек» эркин экономикалык аймактан үч ангар өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 7-май түнү, саат 02:20да башталган. Тилсиз жоонун кесепетинен жабыр тарткандар жана каза болгондор жок. Өрттү өчүрүүгө 4 өрт бригадасы, 20 куткаруучу жана 70 милиция кызматкери тартылган.
Тилсиз жоо саат 06:30да толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Андан тышкары атайын экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.