Zanoza.kg сайтынын негиздөөчүсү Нарын Айып мурдакы президент Алмазбек Атамбаевге карызын бөлүп төлөп берет. Бул тууралуу чечимди Жогорку Сот кабыл алды.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоп сайттын негиздөөчүлөрүн сотко берген. Нарын Айып мурдакы өлкө башчысына 9 миллион сом төлөп бериши керек.
Сот Атамбаевге доого жыгылган «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага дагы карызды бөлүп төлөөгө уруксат берди. Чолпон Жакупова 3 миллион сом карыз. Ал акчаны төлөй албаса, анда анын Ысык-Көлдөгү коттежи сатыкка коюлат.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын коргоп, «Заноза» сайты менен Чолпон Жакупованы сотко берген. Үч доо арыз боюнча тең сотто утулуп, «Заноза» сайтынын негиздөөчүлөрү Нарын Айып, Дина Маслова жана Чолпон Жакупова жалпысынан 30 миллион сом карыз.