15:11
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Дин кызматкерлери өз каражаттарына таштанды челектерин орнотту

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн имам хатиби Бердикул ажы Аширов өз каражатынан айылга таштанды салуучу урналарды орнотту. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Андан тышкары элди тазалыкка чакырган баннерлерди чыгарып, көчө бойлоруна жайгаштырды. Бердикул ажы Ашировдун айтымында, айылдын жүзү тазалыкта жана аны сактоодо дин кызматкерлери үлгү болушу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар