Жерлерди бир категориядан экинчиге которууда (трансформациялоодо) акыйкаттык жана мыйзамдуулук сакталышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Сугат айдоо жерлерди чарба жеринин башка категориялары жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкулоо учурунда билдирди.
Премьер-министр жерди трансформациялоо маселесин өкмөткө биринчи кезекте кароону сунуштады.
«Жерлерди трансформациялоо маселеси 25-30 жылдан бери карай чечилбей келе жатат. Бул жылдары айыл чарба багытындагы тилкелерге турак-жай курган жарандардын көптөгөн социалдык жана турмуш-тиричилик көйгөйлөрү чогулду. Алар өз мүлкүн мыйзамдаштыра албай, жашаган орду боюча каттоого тура алышпайт. Натыйжада, жарандар балдарды бала-бакча, мектептерге орноштуруу, социалдык жана медициналык көмөк алууга байланыштуу кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө. Ошондой эле алар өзүнүн конституциялык укугунан — шайлоого катышуу укугунан айрылышкан», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы аталган мыйзамдарды кароодо жерлерди трансформациялоодогу коррупциялык көрүнүштөргө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
«Республикада ондогон жылдар бою жеке турак-жай курууга чоң эмес жер тилкесин мыйзамдаштыра албай келе жаткан жарандар бар. Буга катар эле айыл чарба багытындагы бир нече гектарлаган жерлерди кандайдыр-бир жол менен өзүнө каттатып алгандар да бар. Алар трансформациялоону пайда табуу ыкмасы катары карашат. Мындайга жол берүүгө болбойт», — деди ал.