03:01
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Акыйкатчы президенттен Өмүрбек Текебаевди актоону суранат

Акыйкатчы Кубат Оторбаев президент Сооронбай Жээнбековдон Өмүрбек Текебаевди актоону суранат. Бул боюнча анын өлкө башчысына кайрылуусунда айтылат.

Ал Конституциянын 25 жылдыгына жана Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 70 жылдыгына карата Омурбек Текебаевге ырайым кылууну суранат.

Омбудсмен бул ырайым жасоо кадамы Президенттин Конституциянын 64-беренесинин 10-пунктунун 4-пунктчасына ылайык келээрин белгилеген.

Кубат Оторбаев эл башчысы айкөлдүгү жана даанышмандыгы менен тарыхта каларын белгилейт. Сооронбай Жээнбековдун 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айткан сөздөрү элде колдоо таап, сот бийлигинин акыйкаттуулугун орнотуу боюнча билдирөөлөрү үмүт берип жаткандыгын айтат.

Сиз дагы өмүрдүн көбүн, кара күчкө толуп, болуп турган убактыӊыздын далайын авторитардык режимдер менен күрөшкө арнап, башыӊызды канжыгага байлап жүргөн маалда Өмүрбек Текебаев менен үзөнгүлөш, ниеттеш, таламдаш катары далай тайгак кечүү, тар жолдон, кыл чайнашкан кырдаалдардан бирге өткөнсүздөр. Бүгүнкү демократиялык байырлуу жолду чабууга сиз катары ал кишинин дагы ат көтөргүс эмгек-мээнети эбегейсиз.

Кубат Оторбаев

Ал Россия Федерациясынын жараны Леонид Маевскийдин берген көрсөтмөсүнүн негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында 8 жылга эркинен ажыратылды.

«Тергөө-иликтөө иштери бир беткей каралоо менен жүрүп, келтирген жүйөөлөр эске алынбай, акыйкаттык, мыйзамдуулук, калыстык, ар тараптуулук жана атаандаштык принциптерин эске албаган соттук процесстердин аркасында чыккан өкүм кимди ынандырат? Жарымы жалган, жарымы чын, Жараткандын көөнү үчүн, көбү жалган, көбү чын, көпчүлүктүн көөнү үчүнбү? Ошондон улам бул иш эл арасында «саясий заказ», «1937-жыл», «саясий оппонентти куугунтуктоо» катары сыпатталууда» — дейт Акыйкатчы.

Кубат Оторбаев Өмүрбек Текебаевдин өмүрү жана анын коопсуздугу коркунучта экендигин, буга бир топ тараптар кызыкдар болуп жатканын, күтүүсүз окуялар болуп кетсе анын жоопкерчилиги азыркы бийликтин, жеке Сооронбай Жээнбековго жүктөлөрүн эске салат.

Эң көп окулган жаңылыктар