18:47
USD 87.45
EUR 102.21
RUB 1.09

Бишкекте кыргыз-корей бизнес форуму өтүп жатат

Бишкекте Кыргызстан менен Кореянын экономикалык кызматташтыгы боюнча форум өтүп жатат. Бул боюнча уюштуруучулардын бири Соода-өндүрүш палатасы маалымдайт.

Кыргызстан тарап корей ишкерлерин өлкөнүн ЭАЕБке мүчөлүгү жана ВСП+ макамы берген мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга чакырат.

«Кыргызстан корей бизнесинин Россиянын, Казакстандын жана Белоруссиянын ири рыногуна чыгууга жол ачып бере алат. Андан тышкары, ВСП+ макамы аркылуу Европа рыногуна дагы эшиктер ачык» — дейт Соода-өндүрүш палатасынын жетекчиси Марат Шаршекеев.

Эң көп окулган жаңылыктар