05:59
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Ошто өрттөн жабыркагандар жардамга муктаж

Ошто өрттөн жабыркагандар жардамга муктаж. Бул тууралуу жабыркагандар билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн мэр жабырлануучуларды кабыл алып, отуз миң сомдон бөлүп берген. Бирок аталган каражат алардын көйгөйүн чечүү үчүн жетишсиз.

«Башка каражат жок экенин айтты. Учурда кошунанын үйүндө жашап жатам. Неберелеримди ата-энесине жибердим. Кошуна-колоң тамак-аш, кийим-кечеден жардам берип жатат», — дейт жабырлануучу Тахир Шарабидинов.

Эскерте кетсек, 30-апрелде Оштун «Туран» кичи районунан өрт чыгып, катарлаш жайгашкан төрт үй күйүп кеткен. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар