13:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Эки жаштагы Акылай жардамга муктаж

«Эки жаштагы Акылайдын көзүн сактап калууга жардам берели». Мындай чакырыкты «Ыйык жол» фондунун активисттери жасады.

«Бала тубаса микрокорнеа орусу менен жабыркайт. Акыркы үч айда кыз бат-баттан чалынып жыгыла баштаган. Энеси анын көрүүсү начарлап баштаганын байкаган. Дарыгерлер кыз катаракт илдетине кабылганын аныкташкан. Ал учурда операцияга муктаж. Катарактты өз убагында албаса, бала сокур болуп калышы мүмкүн», — дейт дарыгер офтальмолог.

Кыз көзүн операция жасатуу үчүн Орусияга же Түркияга барышы керек. Кыргызстанда андай операция жасалбайт. Акылайдын апасы Гүлзаана майып жана үч баланы жалгыз тарбиялайт. Кызын даарылатканга анын мүмкүнчүлүгү жок. Учурда операцияга 280 000 сом керек.

"Ыйык жол«фонду кайдыгер карабаган жарандарды Акылайга жардам берүүгө чакырат.

Жардам берүүнү каалагандар Маратова Акылайдын эсебине төмөн номер аркылуу каражат которсо болот: «Элсом» 0505 46 21 46.

Эң көп окулган жаңылыктар